Бишкек шаардык кеңешинин Бюджеттик комиссиянын төрагасы Жанарбек Алымовдун мэрия 1 миллион сомдон ашык суммадагы каражатты кайра бөлүштүрүү үчүн кеңештин президиумунун макулдугун алууга милдеттүү деген сунушу кабыл алынган жок.
Шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн башчысы Алмаз Кененбаевдин “Азаттыкка” айтымында, мындай эреже Бюджеттик кодексте жана регламентте жок болгондуктан сунуш алынып салынды.
- Бюджеттин жарымынан көбү социалдык тармакка кетет. 2 млрд. сомго жакын акча шаарды өнүктүрүү жагына бөлүнүп атат. Былтыр бул сумма 1 млрд. 200 млн. сомду түзгөн. Жылдан жылга өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруп атабыз.
Бишкек шаардык кеңешинин президиуму 11 депутаттан турат.
13-апрелде депутаттар шаардын 2017-жылга бекитилген бюджетти кайра талкуулоого чогулушкан. Кошумча үч пункт киргизилип, кийин айрым депутаттар токтомго туура эмес добуш берип алганын айтып, аны кайра карап чыгууну сунушташкан.
Бишкектин бюджети 8,9 млрд сом, Бюджет кодекси боюнча мэрия жалпы бюджеттин 5% чейинкисин депутаттардын макулдугусуз бөлүштүрө алат. Бул 450 млн сомго жакын каражат. (КЕ)