Шашылыш эскертүү
17-19-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. 16-апрелде күндүз кээ бир райондордо, 17-19-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бийик тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
17-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болушу, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18;
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14;
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...5.
17-19-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 16...18 градус жылуу болот.