Бишкектин Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүндө жүргүнчү ташыган кичиавтобус менен жеңил унаа кагылышты. Бишкек шаардык Тез жардам кызматы ооруканага жеткирилгендердин саны экөө экенин билдирди. “Азырынча экөө жаткырылды. Жараат алгандар тууралуу толук маалымат түшө элек”, - деди Тез жардам кызматкери.
Алдын ала маалыматка караганда, 199-кичиавтобуста 15тей жүргүнчү болгон. Ал жеңил унаа менен кагылышкандан кийин капталынан бир топ жерге чейин сүрүлүп барган. (КЕ)