Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Түркиядагы референдум: добуштар саналууда


Түркияда конституциялык реформа боюнча референдум өттү. Сунушталган өзгөртүүлөр өтсө, президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым-укуктары кеңейтилет жана ага дагы 10 жыл бийликте калууга жол ачылат. Аналитиктер сунуштар калың элдин колдоосун тапса, Түркия менен Евробиримдиктин өз ара мамилелери кыйла начарлайт деп боолголошот.

Элдик добушка коюлган 18 алымча-кошумча жактырылса, премьер-министрдин кызматы жоюлат, парламенттин ролу алсырайт жана президент сот системасын көбүрөөк көзөмөлдөп калат.

Шайлоо тилкелери жабылгандан эки саат өткөндөн кийин бюллетендердин 51 проценти саналып бүттү. Шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү азырынча 57,5 процент шайлоочу колдогонун маалымдашты.

Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 86 проценти катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG