Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Египет: балдарга катаал мамилеси үчүн соттолгон жаран акталды


Египеттин соту жекшембиде дээрлик үч жыл камакта отурган АКШ жана Египеттин жарандыгы бар Айя Хижазини актады. Бийлик аны менен чогуу күйөөсүн жана алты кишини 2014-жылы балдарга катаал мамиле жасады деп айыптап, камаган. АКШнын жогорку кызматтагы өкүлдөрү жана укук коргоочулар тобу активистти бошотууга чакырган кийлигишүүсүнөн кийин анын айыбы жокко чыгырылды. Хижази кароосуз калган балдарга жардам берген бейөкмөт уюмду түзүп, иштетчү.

Хижазинин камалышы 2013-жылы Муххаммед Аль-Мурси тактан кулагандан кийинки жарандык коомго болгон кысымдын бир бөлүгү катары каралган. Прокурорлор айыпталуучунун күнөөсүн далилдей турган бир дагы материал көрсөткөн эмес. Конгресстин өкүлү Дон Байер Хижазинин бошотулушун абдан кубануу менен кабыл алганын билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG