Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:48

Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгына карата Москвада эр уруш боюнча эл аралык турнир өттү. 15-апрелдеги таймаш "Эл достугу кубогу" деп аталды.

Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан жана Орусиянын 26 спортчусу күч сынашып, Грозный, Махачкала шаарларынан келген 26 мушкер катышты. Жыйынтыгында төмөнкү спортчулар жеңишке жетти:

Асылбек Рустамбек уулу, Кыргызстан, 56 кг,
Баястан Урматбек уулу, Кыргызстан 56 кг,
Нурбек Мааткабылов, Кыргызстан, 61 кг,
Низамбек Жунус уулу, Кыргызстан 61 кг,
Нурболот Чаткалбаев, Кыргызстан, 65 кг,
Ислам Омаров, Орусия, 65 кг,
Магомед Исмаилов, Орусия, 65 кг,
Адылбек Акматалы уулу, Кыргызстан, 65 кг,
Кылычбек Садирдинов, Кыргызстан, 65 кг,
Полотбек Урматбек уулу, Кыргызстан, 70 кг,
Манас Осмонали уулу, Кыргызстан, 70 кг,
Марат Гуломов, Кыргызстан, 77 кг,
Христофор Гучмазов, Орусия, 77 кг.

"Крылья советов” спорт комплексинде өткөн турнирди Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен “Айкөл FC” спорт клубу уюштурган. Ага элчи Болот Отунбаев, миграциялык кызматтардын, Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчылары жана кызматкерлери келишти. (LzT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG