Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Сузакта Бектур Асановдун тарапкерлери жөө жүрүшкө чыгышты


Бектур Асановдун жактоочуларынын митинги
Бектур Асановдун жактоочуларынын митинги

Сузак районунун Кара-Дарыя айылында камактагы оппозициячыл саясатчы Бектур Асановдун жактоочуларынын митинги өтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, жүзгө чукул адам айылдын борборуна чейин жөө жүрүшкө чыгышты. Азыр алар жергиликтүү милиция бөлүмүнүн алдында турушат. Чогулгандар Бектур Асановду бошотууну, соттон эрте чечим чыгарууну талап кылышууда.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту "бийликти күч мен басып алууга аракет жасаган" деген шек менен былтыр майда УКМКнын тергөө абагына камалган саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековдун өкүмүн угузушу мүмкүн. Камалгандардын ичинен Сарыгуловдун баш коргоо чарасы саламаттыгына байланыштуу өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

Адвокаттар камактагы саясатчыларды бошотууну, ал эми айыптоочу тарап аларды 12-22 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.

Ишти Биринчи Май райондук соту жабык карап жатат. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG