Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербургда террорчулукка адам тарткан деген шек менен кармалгандардын аты-жөнүн жана жарандыгын тактап жатат.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Буга чейин орус полициясы эки кыргызстандыкты - 33 жаштагы Айжигит Айтматов менен 39 жаштагы Обид Абдыраимовду кармаганын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышкан.
Алардын бири 3-апрелде метродо болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалиловду интернет аркылуу террорчулукка тарткан деп шектелүүдө.
Санкт-Петербургдун Октябрь райондук соту Айтматовду 4-июнга, Абдраимовду 13-июнга чейин камакка алганы белгилүү болду. (NT)