Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Айгүл-Тоону көрктөндүрүү үчүн 500 түп жаңгак отургузулду


Айгүл. Баткен, Айгүл-Тоо, 16-апрель, 2017-жыл.
Айгүл. Баткен, Айгүл-Тоо, 16-апрель, 2017-жыл.

Баткендеги Айгүл-Тоону көрктөндүрүү үчүн 500 түп жаңгак отургузулду. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, көчөт тигүү өнөктүгү жергиликтүү бийлик жарыялаган Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык жактан тазалоонун үч айлыгынын алкагында өттү.

Жалпы аянты 253 гектарды ээлеген Айгүл-Тоо ботаникалык коругунун 20 гектарына ар кандай декаративдүү жана мөмөлүү дарактар отургузулган.

Бактардын куурап калбашы үчүн кам көрүү ботаникалык коруктун кызматкерлерине табышталды.

Баткен шаарынан 20 чакырымдай алыста жайгашкан Айгүл-Тоонун боорундагы Айгүл учурда ачылып, аны көрүүгө баргандардын саны көбөйгөн.

Сейрек өсүмдүк саналган Айгүл апрель айында 15-20 күн гана гүл ачат. Ал илимде Эдуард петилиуму деп аталып, кызыл китепке киргизилген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG