Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Бишкекте саясаттагы жоопкерчилик талкууланууда


Жыйынга катышып жаткан саясачылар.
Жыйынга катышып жаткан саясачылар.

Бишкекте коомдук-саясий ишмерлер кыргыз саясатындагы жоопкерчиликти талкуулап жатышат. Тегерек үстөлдө саясаттагы учурдагы кырдаал, камоолор, президенттин, парламенттин милдети тууралуу сөз болууда. Ошондой эле күзгү президенттик шайлоо алдындагы саясий туруктуулук жана саясий таза атаандаштык зарылдыгы белгиленүүдө.

Талкууга катышып жаткандардын катарында Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Асия Сасыкбаева, Аликбек Жекшенкулов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер, саясат таануучулар бар.

"Мамлекет. Саясат. Жоопкерчилик" аттуу талкуу Бишкектеги "Орион" отелинде өтүп жатат. Жыйын соңунда жети пункттан турган резолюция кабыл алынмакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG