Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

18-апрелге аба ырайы


Баткенде гүлдөгөн дарак. 16-апрель, 2017-жыл.
Баткенде гүлдөгөн дарак. 16-апрель, 2017-жыл.

Кыргызстанда ушул күндөрү жаан-чачын көп болуп, тоолуу аймактарда көчкү коркунучу күч алууда. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Сел жүрүшү мүмкүн. Бийик тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү топтолот. Айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы 22 метрге чейин жетет. Бийик тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы кажет. Мындай кырдаал 21-апрелге чейин сакталат.

18-апрелде көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +14...+19,

Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +12...+23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +7…+9, күндүз +17…+19 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG