Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

“Ата Мекен” августта президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы август айында президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштап чыкты. Бул тууралуу фракциянын өкүлдөрү бүгүн басма сөз жыйынында айтышты. Алар мыйзам эрежелери боюнча августта шайлоо өтүшү керектигин, парламент 26-апрелге чейин шайлоо күнүн аныкташы зарылдыгын белгилешүүдө.

Фракция өкүлдөрү Алманбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Наталья Никитенко жана партиянын юристи Канатбек Азиз буга Жогорку Кеңештин “Президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө" токтомун мисал келтиришти. Алардын айтуусунда, 2011-жылдын 1-декабрында кызматка киришкен Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында бүтөт. 2-декабрда жаңы мамлекет башчы жумушту баштоого тийиш. Өкүлдөрдүн айтымында, эгер ноябрда шайлоо өтө турган болсо, орун алмашуу жараяны созулуп, мыйзам эрежелери сакталбай калат.

Фракция Баш мыйзамга ылайык, 27-августта шайлоо өткөрүү сунушун парламентке жолдоду.

Президент Алмазбек Атамбаев быйыл февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алган учурда шайлоо 19-ноябрда өтөрүн белгилеген.

Президенттик аппаррат бул жаатта азырынча комментарий бере элек. БШКнын басма сөз кызматы жетекчиликтин бул жаатта жообу жакында жарыяланарын билдирди. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG