Кыргызстанда мусулман дүйнөсүнүн лидерлеринин эл аралык конференциясы өтөт. Анын датасын аныктоо жана уюштуруу иштерин президент Алмазбек Атамбаев Индиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Мушабар Жавад Акбар менен талкуулады.
Жавад Акбарды өлкө башчысы 17-апрелде кабыл алганын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Тараптар диний лидерлердин чогулушу Ислам динин өнүктүрүп, экстремизмге жана радикалдашууга бөгөт коюу маселелери жаатындагы пикир алмашууга натыйжалуу аянтча болушу керектигин белгилешти.
Маалыматка караганда, аталган конференцияны өткөрүү маселесин Атамбаев Индияга мамлекеттик сапар менен барган учурда премьер-министр Нарендра Моди менен да сүйлөшкөн.