Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Сирия армиясы Соран шаарын ээледи


Сириядагы жарандык согуш алтынчы жылга созулууда
Сириядагы жарандык согуш алтынчы жылга созулууда

Сирия армиясы өлкөнүн батышындагы Хама провинциясынын Соран аттуу стратегиялык шаарын ээледи. Бул тууралуу козголончулар жана жергиликтүү тургундар айтышууда. Козголоңчулардын 16-апрелде Рейтер агенттигине билдиргенине караганда, адегенде орусиялык учактар бир нече ирет чабуул коюп, андан соң өкмөттүк армия бастырып кирген.

Шаар башаламан бомбаланып, айыгышкан кармаш жүргөнү кабарланат. Соран шаарын өкмөттүк күчтөр өткөн жылы колго алып, кайра козголоңчуларга тарттырып жиберген. Шаарды алдыруу менен куралдуу оппозиция Хама провинциясынын түндүгүндөгү таасиринен арылары кабарланат. Соранга жакын дагы бир Морек аттуу шаар азырынча козголоңчулардын колунда. Бул шаар Сириянын батышына кеткен башкы жолдун тоомунда жайгашканы үчүн стратегиялык мааниси бар деп эсептелүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG