Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Эрдоган: Түркияда өлүм жазасы кайта киргизилиши мүмкүн


Эрдоган
Эрдоган

Түркияда өлүм жазасы кайрадан калыбына келтирилиши мүмкүн. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-апрелдеги референдумдан кийин билдирди.

Түркия 2004-жылы Евробиримдикке кирүү максатында өлүм жазасын жойгон. Эгер кайра кайтарса, автоматтык түрдө биримдикке кошулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Жекшембиде өлкөдө референдум болуп өтүп, алдын ала жыйынтыкта шайлоочулардын 51,3% президенттик башкарууга өтүүнү колдогону кабарланды.

Бирок Түркиянын оппозициядагы Республикалык-элдик партиясы добуштардын 60 пайызга чейинкисин кайра эсептөөнү талап кылууда. Анткен менен Боршайком референдум жыйынтыгы жарактуу деп билдирди.

Референдум натыйжасында Конституцияга 18 өзгөрүү кирет. Ага ылайык, Эрдоганын бийликте 2029-жылга чейин калуусуна жол ачылууда.

Премьер-министрдин кызматы жоюлат, парламенттин ролу алсырайт. Президент өкмөт мүчөлөрүн түз дайындап, парламентти тарата алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG