Ишембиден тарта Орусияда "Платон" жол акы системасынын жаңы тарифи иштей баштады. Ага ылайык, жүк ташуучу айдоочулар федералдык жолго төлөчү салык мурда айтылгандай эки эсе эмес, 25% гана көтөрүлдү.
Буга карабастан орусиялык жүк ташуучулар иш таштоону жана нааразылык акцияларын токтотпосун билдиришүүдө. Алар унааларын жол боюна токтотуп, "Платон" системасын таптакыр алып салууну талап кылышууда.
Ал системага ылайык, жүкчүлөр үчүн трассанын бир чакырымына 1,5 рублден төлөнчү. Ансыз да башка унаа салыгы көп деген айдоочулар март айынан бери Орусиянын бир топ аймактарында иш таштоодо. Мурдараак айрым айдоочулар өкмөттүн кызматтан кетишин да талап кылышкан.
Алар ошондой эле "Платон" салыгын чогулткан компаниянын ээлеринин бири президент Владимир Путинге жакын ишкер Аркадий Ротенбергдин уулу экенине да нааразы.