Иран Ислам республикасынын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Кыргызстанга келет. Анын Бишкекке расмий сапары 18-19-апрелге белгиленген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Зариф президент Алмазбек Атамбаев жана башка өкмөт өкүлдөрү менен кезигет. Жолугушуулардын өзөгүн эки тараптуу кызматташтыкты жогорулатуу маселеси түзөт.
Иран президенти Хасан Роухани 2016-жылы декабрда Бишкекке келип, кызматташтык боюнча 10 жылдык программага кол коюлган. (SE)