Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Бильярдчы Лепшаков дүйнө чемпиондугунда күмүш медал алды


Кыргызстандык Дастан Лепшаков бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча дүйнө чемпиондугунда күмүш байге алды. Бул тууралуу бильярд спорту боюнча Орусиянын расмий сайты кабарлады.

Маалыматка караганда мелдеш 11-15-апрель күндөрү Орусиянын Югорск шаарында өткөн. Ага 23 өлкөдөн 70тен ашуун спортчу катышкан. Кыргызстандан 11 спортчу барган. Арасынан 20 жаштагы Дастан Лепшаков финалга чейин чыкты.

Лепшаков жалпысынан алты беттеш өткөрүп, бешөөнү жеңди. Алтын байге үчүн оюнда 16 жаштагы орусиялык Иосиф Абрамов менен таймашып, 5:6 эсебинде утулуп калды.

Дастан Лепшаков Эл аралык класстагы спорттун чебери. 2014-жылы бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. 2015-жылы чоңдор арасында бильярддын динамикалык пирамида түрүнөн дүйнө чемпиондугун жеңген. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG