Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:11

Кыргызстандыктар мындан ары Казакстандын аймагында каттоосуз 30 күн жүрө алат. Президент Алмазбек Атамбаев эки өлкө аймагында жүрүү тартибин узарткан өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга 17-апрелде кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлап, мыйзам расмий жарыялангандан кийин жети күндө күчүнө кирерин билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаттары Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкө аймагында жүрүү тартибин узарткан өкмөттөр аралык макулдашууну 16-мартта ратификациялаган.

Мурда каттоосуз мөөнөт беш күн болчу.

Өкмөттөр аралык макулдашууга 2016-жылдын 17-октябрында Астанада кол коюлган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG