Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Кыргызстан-Өзбекстан: туризм багытында 2 млн долларлык келишимге кол коюлду


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, өткөн аптада Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов баштаган кыргыз делегациясы Ташкенттеги “Эс алуу дүйнөсү” деп аталган эл аралык көргөзмөгө катышып келди.

Делегациянын катарында Кыргызстандагы туризм багытында иштеген мекемелер, онго чукул пансионат-санаторийлердин өкүлдөрү бар.

Көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берилди. Анын алкагында жалпы суммасы 2 млн доллардан ашуун 200дөй келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлду. Бул Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

Кулукееваныны белгилешинче, Кыргызстан бул көргөзмөгө биринчи ирет катышууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG