Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

БШК президентти шайлоо мөөнөтү тууралуу түшүндүрмө берди


Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоо күнүн белгилөө боюнча билдирүү таратты. Анда өлкө президентин шайлоо күнүн аныктоо Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде жүрөрү белгиленген.

“Кыргыз Республикасынын президентинин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембиси, башкача айтканда, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоо өткөрүлмөкчү” деп жазылат БШК тараткан түшүндүрмөдө. Шайлоо датасын мыйзам боюнча төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындашы керек.

17-апрелде Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын басма сөз жыйынында август айында президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган. Алар мыйзам эрежеси боюнча августта шайлоо өтүшү керектигин, парламент 26-апрелге чейин шайлоо күнүн аныкташы зарылдыгын белгилешкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG