Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Токиого барат


АКШнын вице-президенти Майк Пенс эки күндүк сапары менен Токиого барат. Ак үйдүн маалыматына караганда, ал Жапония премьер-министри Синзо Абэ менен жолугат. Бул өлкөнүн вице-премьери жана Каржы министри Таро Асо менен эки тараптуу экономикалык диалогдун биринчи айлампасына катышат. Майк Пенс менен бирге АКШнын Соода министри Уилбус Росс Жапониянын экономика, соода жана өнөр жай министри Хиросигэ Сэко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылат.

АКШнын вице-президенти Азия-Тынч океан аймагын кыдырууда. Ал жекшемби жана дүйшөмбү күнү Түштүк Кореяда болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG