Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Сот зордуктоого аракет кылды деп шектелген жаранды актады


Ош шаардык соту “11 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады” деп айыпталып жаткан жаранды актап, сот залынан бошотту. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” кабарлады.

Былтыр жайында Ноокат районунда 11 жаштагы секелекти 30 жаштагы айылдашы зордуктоого аракет жасаганы айтылган. Ага он жаштагы сиңдиси болушуп, зөөкүрдүк аракет ишке ашкан эмес. Секелектин ата-энеси райондук прокуратурага кайрылган, кылмыш иши козголуп, материалдар сотко өткөн. Кийин зордуктоо аракетине кабылган кыздын үй-бүлөсү шектүүнүн жакындарынын кодулоосунан улам айылдан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Азиза Абдирасулова соттун бул чечимине макул болбой, облустук сотко арызданышарын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG