Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Кыргызстанда энелер жана балдар өлүмү азайды


Кыргызстанда былтыр 2015-жылга салыштырмалуу энелер жана балдардын өлүмү азайган.

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 17-апрелде парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, иликтөөлөр балдардын өлүмү 8 пайызга, энелердин өлүмү 29,9 пайызга азайганын көрсөттү.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан ооруларды азайтуу жагынан жакшы жылыштар байкалып жаткан 15 өлкөнүн катарына кирди деп маалымдаган.

Өткөн жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда каза табарын билдирген. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG