Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:48

Майлуу-Сууда көчкү суу сактагычка жакындады


Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ конушунда жер көчүп, шаардык Суу чарба мекемесине караштуу суу сактагычка кооптуу кырдаал жаралды. Суу сактагычка кеткен жолдун 200 метр бөлүгүн сүрүп, жарактан чыгарды. Топурак суу сактагычка бир чакырым жетпей токтогонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Адистер абалды көзөмөлдөп турушат.

Ушул күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында суу ташуу, жер көчкү коркунучу күчөгөн. Өзгөн районунда беш үйдү топурак басып калды. Жашоочулар чатырларда күн кечирүүдө. Айрым жолдорго түрдүү көлөмдө топурак түшүп, каттамды токтотту. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG