Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Таш-Көмүрдө демөөрчүлөр жалгыз бой аялга үй алып беришти


Сүрөт Муфтияттын басма сөз кызматына таандык.
Сүрөт Муфтияттын басма сөз кызматына таандык.

Таш-Көмүр шаардык хатибияты демөөрчүлөрдүн колдоосунда алты балалуу жалгыз бой аялга үй алып берди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Зиягүл Токтобаевага үч бөлмөлүү батир 300 миң сомго сатып алынды. Анын 180 миң сомун Таш-Көмүрдө 1980-жылы төрөлгөндөр, 120 миң сомун "ИТАР" кайрымдуулук фонду берген.

Шаардын баш имам-хатиби Мураталы ажы Мансуровдун айтымында, Зиягүл Токтобаева оор шартта, муктаждыкта жашаган.

P.S.: Хатибият - облустук казыяттын жергиликтүү бөлүмү. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG