Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Оппозициячыларды соттогондорду "Акунов тизмесине" киргизүү сунушталды


Оппозициялык саясатчылардын жактоочулары соттун алдында
Оппозициялык саясатчылардын жактоочулары соттун алдында

18-апрелде Бишкектеги Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп, оппозициячыл активисттерди соттоого катышкан бардык күч органдарынын кызматкерлерин мыйзам жоопкерчилигине тартууга аракеттенишерин билдиришти:

- Биринчи Май райондук соту мыйзамды одоно бузуу менен өкүм чыгарды. Ошол себептен "Акунов тизмесине" кылмыш ишин козгогон катардагы тергөөчүдөн тартып, токтомду бекиткен прокурор, ишти караган сотторду эртеби-кечпи кылмыш жообуна сөзсүз түрдө тартышыбыз керек. Соттун чечимине макул эмеспиз. Жогорку Сотко чейин апелляциялык арыз жазабыз, - деди комитет мүчөсү Максат Кадыров.

Буга чейин оппозиция адам укуктарын бузган жетекчилерди “Акунов тизмесине” киргизүүнү сунуштаган. Тизме 2007-жылы Нарында милициянын убактылуу кармоочу жайында каза тапкан жарандык активист Бектемир Акуновдун урматына түзүлгөн.

Кыргыз бийлиги азырынча бул боюнча маалымат бере элек.

17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу камаган. Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айтса, өздөрү жана жарандык коом алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттогонун белгилеп келишет. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов да жогоркудай кине менен камакта отурушат. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG