Президент Алмазбек Атамбаев Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 72 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча өкмөткө тапшырма берди. Бул жааттагы буйрукка 18-апрелде кол коюлганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Буйрукта майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча пландар иштеп чыгуу, уюштуруу жана чыгым маселесин чечүү жагы жазылган.
Расмий маалыматтарга ылайык, согушка Кыргызстандан 363 миң киши катышкан. Учурда 640 ардагердин көзү тирүү. Жеңиш майрамы 9-майда белгиленет. (SE)
Facebook шеринеси