Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:35

Кара-Көлдө алты жаштагы бала изделүүдө


Бекзат Жанапилов.
Бекзат Жанапилов.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын алты жаштагы тургуну Бекзат Жанапилов 16-апрелден бери дайынсыз.

Бул тууралуу анын апасы Гүлзар Кадырова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, бала 16-апрелде түштө сыртка ойногону чыгып жоголгон. Жакындары артынан 15 мүнөттөн кийин чыгып таппай калган.

Бала ошол күнү кызыл, кара сызыктуу жемпер, кара шым, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Ата-энеси көрүп-байкап калгандар болсо 0705 158842
0772 158840 телефонуна билдирип коюуну өтүнөт.

Жанапиловдун жоголгону тууралуу милицияга жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да кабар берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG