Түштүк Кореяда мөөнөтсүз президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жалпы каттоодон өткөн талапкерлердин саны 15ке жетти.
Эми алардын ар бири өлкө боюнча 100 миңден ашуун көрнөк-жарнак илип, 23 миллион шайлоочуга жеке кат жөнөтүп, телевидениеден өзү тууралуу 30 мүнөттүк жарнама заказ кыла алат.
Өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыяланып, камалганына байланыштуу мөөнөтсүз шайлоо 9-майга белгиленген. Экс-президентке расмий бир катар пункттар, анын ичинде паракорлук боюнча да айып тагылган. Сурамжылоолорго караганда учурда Демократиялык партиядан талапкер Мун Чже Ин жана "Элдик партиянын" төрагасы Ан Чхол Су алдыда келатат.