Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги "Чыңгыз Айтматов" төш белгисинин эскизин тандады. Ал "Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын" алгандарга берилет.
Агенттиктин басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, аталган сыйлык күбөлүк иретинде 2009-жылдан бери эки жылда бир ийгиликтүү улан-кыздарга ыйгарылып келүүдө. Эми төш белги менен кошо берилет.
Төш белгинин эскизи үчүн сынак жарыяланып, беш киши катышты. Калыстар тобу Алижан Амантаевдин эмгегин тандап алды. Авторго 50 миң сом сыйлык берилди.
Төш белги латундан жасалып, алтын жалатылат. (SE)