Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Балыкчыда балдардын уулануу себеби аныкталбай жатат


Балыкчы шаарында ондон ашуун баланын эмнеден ууланганы аныкталбай жатат. Шаардагы аймактык оорукананын директору Талант Жумагазиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, адистер анын чоо-жайын тактоого аракет кылууда.

Белгисиз газга ууланды деп айтылган 11 бала 17-апрелден бери бейтапканада. Алардын баары Балыкчыдагы №3 орто мектептин окуучулары.

Жумагазиевдин белгилешинче, жабыркагандардын көкүрөгү ачышып, аба жетпей, баштары ооруп, жөтөлүп, көзүнөн жаш аккан.

- Булар танаписке чыгып, коридордо турганда башкача жытты сезишкен. Жөтөл башталып, күчөгөндө бизге кайрылышкан. Ага эмне себеп болгону, кандай газ экени билинбей жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы алгач 12 окуучу жана эки мугалим ууланганын кабарлаган. Мугалимдер жана бир бала алгачкы медициналык жардамды алып үйгө чыгарылган. Калгандарын дарылоо уланууда. Абалдары орто. (SE\AsM)

XS
SM
MD
LG