Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:01

Түркмөнстандын президенти Казакстанга барды


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов эки күндүк сапар менен Казакстанга барды. 18-апрелде Астанада ал Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Назарбаев Түркмөнстанды "биздин жакын бир тууган коңшубуз" деп атап, мунайга бай эки мамлекет ортосунда Советтер Союзу кулаган чейрек кылымдан бери чечилбеген маселе калбаганын билдирди.

Бердымухаммедов анын мамлекети Казакстандын ички, аймактык жана эл аралык демилгелерин колдоорун айтты.

Маалым болгондой, Борбор Азиянын мунайга бай эки мамлекетинин ортосунда бул ирет ири келишимдерге кол коюлбайт. Назарбаев түркмөн лидеринин сапарынын маалында эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар макулдашуулар бекитилерин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG