Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:17

Түркия полициясына караштуу тик учак өлкө чыгышында кырсыкка учурады. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиришти. Тик учак Тунсели провинциясынын Пулумур шаарынан абага көтөрүлгөндөн кийин он мүнөткө жетпей жоголуп кеткен.

Аймактын губернаторунун маалымат кызматы билдиргендей, тик учакта жети полициячы, бир судья жана бир армия өкүлү болгон.

Эксперттер боолгологондой, кырсыкка аба ырайы себеп болушу ыктымал.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар жиберилгенин, бирок коюу тумандан улам ал жакка жетиш кыйын болуп жатканын түрк медиасы жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG