Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Францияда теракт уюштурууга шектүү эки адам кармалды


Марсель шаарындагы атайын операция маалында тартылган сүрөт.
Марсель шаарындагы атайын операция маалында тартылган сүрөт.

Франциянын Марсель шаарында теракт уюштурууну көздөп жатышкан деген шек менен эки адам кармалды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 23-апрелде өтө турган президенттик шайлоонун биринчи айлампасын утурлай чабуул жасоо пландалып жаткан. 23 жана 39 жаштагы француз улутундагы эки шектүүнүн бири мурда соттолгону маалым болду.

Президенттик шайлоого байланыштуу Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн ички иштер министри Матиас Фекл билдирди.

Шайлоонун биринчи айлампасына саналуу күндөр калганына карабастан добуш берүүгө укуктуулардын үчтөн бири кимди колдоорун билбей, азырынча арсар болуп турганын сурамжылоолор көрсөтүүдө. Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 23-апрелге, экинчиси 7-майга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG