Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Тбилисиде Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили, тышкы иштер министри Михаил Жанелидзе, парламент спикери Иракли Кобакидзе жана башка расмийлер менен жолугушту.
Маалыматтарга караганда, 18-апрелде Грузиянын баш калаасында өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө эки өлкө ортосундагы тыгыз кызматташуу тууралуу сөз болду.
Жолугушуулардан кийин Зариф Тегеран Кара деңизде Перс булуңундагы Ирандын порттору менен байланыштыра турган транспорттук коридор куруунун жолун караштырып жатканын айтты.
"Грузия, Иран, Азербайжан жана Армения сөз жок мындай коридордун курулушуна катышышы зарыл"-деди ал.
Квирикашвили 22-апрелде Иранга расмий сапар менен барарын жарыялады.
Жавад Зариф Тбилисиге Түркмөнстандан келатып кайрылды.