Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Теракт уюштурууга шектүү 3-июнга чейин камалды


Москванын Басман райондук соту Санкт-Петербургда теракт уюштурду деп шектелген Аброр Азимовду 3-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ага теракт уюштурган жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап, алып жүргөн деген айып менен кылмыш иши козголду.

Азимов өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, ал белгисиз адамдан буйрук алган жана теракт уюштурууга катышып жатканын билген эмес. Ал эми тергөөчү менен Азимовдун адвокаты мурдараак ал күнөөнү мойнуна алганын билдиришкен.

Аброр Азимов 17-апрелде Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан Москва облусунун Одинцов районунда кармалган. Анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тергөөнүн алдын-ала божомолу боюнча Азимов терактты ишке ашырган жанкечти Акбаржон Жалиловду даярдоого катышкан. Маалымат каражаттары жазышкандай, Жалилов теракт алдында Азимов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Азимов 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алган.

Учурда террорчулукка шектелип кармалган он борбор азиялык мигранттын Питердеги жардырууга тиешеси бар же жогу расмий органдар тарабынан маалымдала элек.

3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 14 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болушкан. Жардырууну Акбаржон Жалилов аттуу Орусия жараны жасаганын тергөө органдары маалымдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG