Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Ошто жасалма 8,5 миң доллар колдонгондор кармалды


Ош шаарындагы лотерея оюн-зоок клубдарынын биринин администратору Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ал белгисиз жарандар ири суммадагы лотерея алып ойношконун, алар кеткенден кийин төлөгөн акчасы жасалма болуп чыккандыгын билдирип арызданган.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” айтымында, иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында 38 жаштагы мурда соттолгон Кара-Суу районунун тургуну жана 40 жаштагы жердеши кармалды. Алар 8,5 миң долларды чындап эле уттуруп жиберишкенин жана анын жасалма экенин билишпегенин айтышкан.

- 8,5 миң доллар жасалма экени аныкталды. Болгондо да сапаттуу жасалган. Анын бардык эн белгилери бар. Кармалган адамдар акчаны кимден алышканын айтышты. Бүгүнкү күндө үчүнчү адамды издөө иштери жүрүп жатат. Биздин божомолдорго караганда бул акча Кыргызстандын аймагында жасалган эмес.

Аларга карата Кылмыш кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш ишин козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ош шаардык сотунун санкциясы менен кылмышка шектүү эки адам тергөө амалдары аяктаганга чейин абакка камалды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG