Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Кыргызстан-Иран бизнес форуму өтөт


Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев менен Иран президенти Хасан Роухани Бишкекте жолуккан
Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев менен Иран президенти Хасан Роухани Бишкекте жолуккан

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-Иран бизнес форуму өтөт. Экономика министрлигинен кабарлашкандай, ага ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү, эксперттер катышат. Ушундай эле форум былтыр декабрда Кыргызстанда өтүп, туризм, гидроэнергетика жана өнөр жай багытында кызматташтыкты арттырууга артыкчылык берүү зарылдыгы айтылган. Бул жолу ошонун жыйынтыктары да талкууланат.

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев менен Иран президенти Хасан Роухани Бишкекте жолукканда Иранды ГЭС курууга катышууга чакырып, энергетика жаатында иштешүүгө кеңири мүмкүнчүлүк бар экени белгилеген.

Эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 11 миллион долларды түзгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG