Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:55

Жогорку Кеңештин депутаттары "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун бүгүн үчүнчү окууда карайт. Мыйзамда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу экени жазылган.

Бул мыйзам алгач сунушталганда "чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек" деп чектөө киргизилген. Кийинчерээк алып салынып, медиа уюмдун "чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек" деген бөлүк калтырылган.

Мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган. Демилгечилер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр телеканалдарга багытталганын, гезит жана радиолорго, эл аралык радиолорго тиешеси жоктугун белгилешет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG