Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, "Кыргызтелекомго" байланыштуу тергөө иштери аягына чыкты. Ага ылайык аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Эмил Эшеналиевге айыбы угузулду. Ал Кылмыш кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтык абалынан кыянат пайдаланып бааларды көтөрүү) боюнча айыпталууда.
Былтыр казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөнү үчүн Башкы прокуратура “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Быйыл февралда ишкананын Директорлор кеңеши мекеме жетекчиси Эмил Эшеналиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу чечимин кабыл алган.
Эшеналиев өзү депутаттык комиссиянын иликтөөсүн четке кагып, казак тарап интернет берүүнү токтотуп саларын айткандан кийин келишимди түзүүгө мажбур болгонун маалымдаган. (КЕ)