Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Жапаров журналисттердин кирешесин ачыктоону сунуштады


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров "журналисттер жана медиа ээлери тапкан кирешеси тууралуу элге отчет бериши керек" деп сунуштады.

Бул тууралуу 19-апрелде парламент жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатканда айтты.

Эл өкүлү нускасы миңге жетпеген гезиттердин редакторлору кымбат машине минип, заңгыраган үйлөрдө жашап жатканы алардын ишинде көмүскө бизнес бар экенинен кабар берерин кошумчалады:

- Жалпыга маалымдоо каражаты менен алектенип, ошону менен бизнес кылып, ошол жол менен атак-даңкын чыгарам деген адам киреше-чыгашасын ачык жарыяласын. Ар бир журналист, басылманын ээси бир тыйынына чейин элге отчет бериши керек. Буларды ооздуктабаса, ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап коюп жүрүшөт.

Акылбек Жапаров айрым журналисттер аткаминерлерден акча алып жүргөнүн, бербегендерди жамандап макала жазарын сындады. Журналисттердин жоопкерчилигин көтөрүү үчүн Кылмыш кодексине да, Административдик кодекске да өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Кыргызстанда журналисттердин этикалык кодекси 2007-жылды кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Ал 23 беренеден турат. Кодекске ылайык, журналист бирөөдөн акча алып, буйрутма макала жазууга акысы жок. Акчага даярдалган макала коммерциялык мүнөздө экени көрсөтүлүүгө тийиш. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG