Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:50

"ЖК регламенти жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү маселеси талаш жаратты


"Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси парламентте талаш жаратууда. Отуздан ашуун депутат сунуштаган бул мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте каралып, 19-апрелде жалпы жыйынга чыгарылды.

Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, кимдир бирөө коалициянын курамынан чыкса, чечимге фракциянын ар бир өкүлү кол коюшу керек. Ошондой эле кайсыл бир мыйзам долбоору биринчи окуудан өтсө, экинчи окууда 15 күн аралыгында каралышы керектиги жазылган. Мурда үч айга чейин созулуп кеткен учурлар болгонун демилгечилер белгилешүүдө. Андан тышкары иш боюнча чет элге чыккан депутат фракция лидеринин жана өзү мүчө болгон комитет төрагасынын макулдугун алууга тийиш. Келгенден кийин отчет берүүгө милдеттендирилет. Мыйзамда жумушка көп келбеген депутаттарга чара көрүү маселеси да каралган.

Депутат Дастан Бекешов эл өкүлдөрүнүн күн тартиби мыйзам менен эмес, токтом алкагында белгиленсе болорун айтып, чет элде ушундай эреже бар экенин билдирди. Андан тышкары бир топ депутаттар мыйзам долбоорун популисттик кадам катары сыпатташты. Талкуу уланып жатат.

Мыйзам долбоорун "Республика-Ата Журт" фракциясындагы депутаттар жана КСДПнын айрым өкүлдөрү сунуштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG