Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында белгисиз газдан ууланган 12 окуучунун абалы туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги алар ооруканада дарыланууну улантып жатканын бүгүн кабарлады.
Шаардагы №3 Канат Абдылдаев атындагы мектептин коридорундагы жаман жыттан 17-апрелде 8-9-10-класстын 14 окуучусу өзүн жаман сезип, көңүлдөрү айланган, тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Алардын экөө ошол эле күнү үйлөрүнө чыгарылган. Азыр бейтапканада жаткан окуучулардын он бири кыздар.
Балыкчы шаардык мэриясынын маалыматына караганда, алдын ала божомолдор окуучулар өзүн коргоодо колдонулчу газдан (перцовый газ) ууланганын көрсөтүүдө. Жергиликтүү милиция газды ушул эле мектептин окуучусу бейбаштык менен чачкан деген болжолду айткан.
Милиция жана тиешелүү адистер уулануунун чоо-жайын аныктоодо. (NT)