Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Үч күндөн көп ишке чыкпаган депутаттын айлыгын кыскартуу сунушталды


Парламент депутаты олуттуу себепсиз үч күн жана андан көп ишке чыкпай койсо, маянасынын жарымын кыскартуу сунушталды. Бул тууралуу 19-апрелде "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү маселеси талкууланып жатканда учурда демилгечилер айтышты.

Ошондой эле себепсиз жумушка келбегендер делегациялардын курамына киргизилбеши, эмгек сапарынын чыгымдары төлөнбөшү керектиги, бийликке караштуу саламаттыкты сактоо мекемелериндеги жеңилдиктерин алуу маселеси көтөрүлдү. Жумушка аз келген эл өкүлдөрүнүн аты-жөнү Жогорку Кеңештин сайтына жарыялоо демилгеленди.

Аталган мыйзам долбоорун "Республика-Ата Журт" жана КСДП фракциясынан отуздан ашуун депутат жазган. Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте каралган. Жалпы жыйында көпчүлүк депутаттар ага каршы пикирин айтышты. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG