Үч жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын жүзөгө ашыруу боюнча билим берүү форуму 20-апрелде Баткен шаарында өтөт.
Ага экс-президент Роза Отунбаева, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) башчысы Юкиэ Мокуо, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, эксперттер, окутуучулар, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери, студенттер катышат.
Форумду "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду уюштурган. Аталган фонддон билдиришкендей, экс-президент жакырчылыкты жоюу үчүн балдардын эртелеп өнүгүүсүнө сапаттуу кызматтарды түзүү керек деп эсептейт.
2016-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тартып үч жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттары иштелип чыккан. (NT)