Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

20-апрелге аба ырайы


Бишкек шаары. 18-апрель, 2017.
Бишкек шаары. 18-апрель, 2017.

Кыргызстанда ушул күндөрү жаан-чачын көп болуп, тоолуу аймактарда жер көчкү коркунучу күч алууда. Дарыяларда суу ташкындайт. Сел жүрүшү мүмкүн. Бийик тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү топтолот. Кар көчкү коркунучу бар. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек. 21-22-апрелде аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкө аймагында катуу жаан-чачын болот.

20-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жок. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +14...+19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +15...+20;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +8…+10, күндүз +25…+27 градус болот.

XS
SM
MD
LG