Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Экс-президенттин администрация башчысынын кылмыш иши жоголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы 2004-жылы президенттик администрацияны жетектеген К.Т. аттуу жаранга байланышкан кылмыш иштин жоголгону боюнча иш козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, учурда Кылмыш кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде иликтөө жүрүүдө. Ал президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Дарылоо-калыбына келтирүү бирикмесине караштуу Токтогул-Панфилов көчөсүндөгү 0,6 гектар жерди тууганына бөлүп берүү тууралуу Бишкек шаардык мэриясына мыйзамсыз буйрук бергени аныкталган. Кийин бул жерге алты кабаттуу имарат салынган.

Бул факт боюнча 2007-жылы 15-мартта Биринчи май райондук милициясы кылмыш ишин козгоп, ага сырттан айып коюлуп, издөөгө алынган. Шектүүнүн дареги белгисиз болгондуктан тергөө иштери токтотулган. Быйыл мартта жер тилкелеринин бөлүнүшүнүн мыйзамдуулугун иликтеген прокуратура райондук милициядан кылмыш ишти сураган. Бирок кылмыш иштин материалдары архивде жок болуп чыккан.

Буга байланыштуу иш козголуп, ишти иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук милициясында К.Т. аттуу жаранга издөө жарыяланганы тууралуу иштер да жоголгону ачыкка чыкты. Азыр бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.

Башкы прокуратурадагы ишенимдүү булактар бул адамдын 2004-жылы мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда президенттик администрацияны жетектеген Тойчубек Касымов экенин "Азаттык" радиосуна билдиришти. Касымов Мамлекеттик каттоо кызматынын иштен убактылуу четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин кайнатасы. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG