Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Бишкекте адамды машинеси менен коюп кеткен айдоочу кармалды


Бишкекте адамды машинеси менен коюп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Таалай Бугубаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, тиешелүү материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

18-апрелде башкалаанын Гагарин көчөсүндө жолдон өтүп бараткан кишини кара түстөгү "Лексус" үлгүсүндөгү автоунаа коюп кетип, токтобостон айдап кеткени тартылган видео интернетке тараган. Жараат алган адам аман калган.

XS
SM
MD
LG