Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Кабул: Борбор азиялык согушкерлер бомба менен жок кылынды


"Бомбалардын энеси" деп аталган 9800 килограммдык өзөктүк эмес бомба.
"Бомбалардын энеси" деп аталган 9800 килограммдык өзөктүк эмес бомба.

Ооганстандагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму колдонуп келген туннелдер системасына өткөн аптада ташталган АКШнын эң чоң, өзөктүк эмес бомбасы Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Индия жана башка бир катар өлкөлөрдөн келген согушкерлерди жок кылды.

Бул тууралуу Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Мохаммад Радманиш шейшембиде билдирди.

"Бомбалардын энеси" деп аталган 9800 килограммдык өзөктүк эмес бомба Нангархар провинциясындагы радикал уюмдун согушкерлери колдонгон туннелдер менен жер төлөлөрдүн комплексине 13-апрелде ташталган. Пентагон жана ооган расмийлери билдиргендей соккудан "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун 96 согушкери, анын ичинде топтун төрт негизги лидери өлтүрүлгөн. Ошондой эле жер төлөлөрдүн системасы жана согушкерлердин колундагы курал-жабдыктын ири запасы жок кылынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG